2020-жылдын 10-ноябрынан 9-декабрына чейин Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Кыргыз Республикасынын жеңил атлетика боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү окуу-машыгуу жыйын өткөрүштү. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктен билдиришти.
Спортчулардын тизмеси:
10-ноябрдан 4-декабрга чейин:
1. Илья Тяпкин, Эл аралык даражадагы спорт чебери;
2. Мария Коробицкая, Эл аралык даражадагы спорт чебери;
15-ноябрдан 9-декабрга чейин:
3. Дарья Маслова, Эл аралык даражадагы спорт чебери;
4. Адилет Кыштакбеков, Эл аралык даражадагы спорт чебери;
5. Жоодар Көчкөнбаев, Спорт чебери;
6. Бердигул Айтпай уулу, Спорт чеберине талапкер;
7. Аман Момуналиев, Спорт чеберине талапкер;
8. Бексултан Абдыкадыров, Спорт чеберине талапкер;
9. Виктория Полюдина, ага машыктыруучу.
Спортчулар 2020-жылга болгон окуу-машыгуу жыйындардын календарлык планына ылайык, эл аралык мелдештерге даярдык көрүү максатында Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан окуу-машыгуу жыйынга жөнөтүлгөн.