Чемпиондор Лигасындагы Франциянын "ПСЖ" жана Түркиянын "Истанбул Башакшехир" командаларынын ортосундагы расисттик жаңжалдан улам токтотулган беттеш бүгүн, 9-декабрь күнү болот. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, оюн Бишкек убактысы боюнча саат 23:55те башталат жана оюндун калыстары толук курамы менен алмашат. Бул беттештеги башкы калыстык милдет нидерландиялык Дэнни Маккелиге жүктөлдү.
Буга чейин "ПСЖ" - "Истанбул Башакшехир" беттешинде оюнчулар капталдагы калысты расизмге айыптап, эки команда тең оюндун 18-мүнөтүндө талааны таштап кеткендиги кабарланган.