"Боруссия Менхенгладбахтын" оюнчулары оюн учурунда "Интер" - "Шахтёр" беттешин түз эфирде эмоцианалдуу түрдө көрүп отурушту

Чемпиондор Лигасынын тайпалык баскычынын 6-турдук оюнунда "Реал Мадрид" командасы өз үйүндө "Боруссия Менхенгладбах" клубун кабыл алып, оюн 2:0 эсебинде үй ээлеринин жеңиши менен аяктады.

Өздөрүнүн оюну жүрүп жатканына карабай "Боруссия Менхенгладбах" командасынын алмашуудагы оюнчулары бир тайпада жайгашкан "Интер" - "Шахтёр" беттешин түз эфирден көрүп отурушту. Аталган эки команда тең чыгып, жыйынтыгында "Боруссия Менхенгладбах" командасы Чемпиондор Лигасынын плей-оффтук баскычына жолдомо алды.

Өлүм тайпасы аталган "В" тайпасында акыркы турдук оюнга чейин төрт клуб тең кийинки турга өтүүгө мүмкүнчүлүк алышкан. 6-турдук оюндун жыйынтыгы боюнча, "Реал Мадрид" 10 упай топтоп тайпада биринчи орун менен чыкты. Экинчи орунга "Боруссия Менхенгладбах" командасы 8 упайы менен жайгашса, үчүнчү орунду Европа Лигасынын плей-офф баскычында ойной турган "Шахтёр" ээледи (8 упай). "Интер" 6 упайы менен турнирден четтетилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан