Депутат Жумалиев: "Пакистандын Кыргыз өлкөсүнүн медицина окуу жайларын кара тизмеге киргизгени боюнча ТИМ нота жөнөтүшү керек"

Пакистандын Кыргыз өлкөсүнүн медицина окуу жайларын кара тизмеге киргизгени боюнча ТИМ нота жөнөтүшү керек. Бул тууралуу бүгүн, 10-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Кубанычбек Жумалиев билдирди.

"2-октябрь күнү Пакистандын медициналык кеңеши Кыргыз мамлекетиндеги медицина окуу жайларын кара тизмеге киргизди деп жарыяланган. Тышкы иштер министрлигине кат жаздым. Пакистандын медициналык кеңешмесинин мамилеси Кыргыз өлкөсүнүн ички иштерине кийлигишүү деп эсептейм. Ошондуктан Тышкы иштер министрлиги тез аранын ичине Пакистандын өкмөтүнө, парламентине нота жөнөтүшү керек. Кыргыз мамлекетинин 18 медицина окуу жайларын кара тизмеге киргизгени менен дүйнө жүзүнө уят кылды", - дейт ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Baatirbek81
2020-12-10 11:45:07
Буга жан кирип калганго
+6
kuba.kq8705
2020-12-10 12:16:22
Университети барда ошон учун
+6
Asel69
2020-12-10 13:30:12
Сыймык Жапыкеевтин убадасы кана. Болбосо килейген Финполду жетектеп турат. Жэ мунун деле мамлекеттин канын соргон чиновниктер менен соодалашып кеткенби. Садырдын жасаган иши жакшы болбой калды. "Митинг биздики, тонкорушту биз жасаганбыз" дегендер ар кайсы жерге кенешчи болуп алышты. Буларды коргон кийинки жаштар ойлонушат: кочого чыгып кыйкырып, тонкоруш кылсак бийлике келебиз - деп. Же бир жерде кыйратып иш жасабаган, болгону кыйкырык, окурук менен жан баккандар кызматка келип калышты
-2
bessmertiy
2020-12-10 13:39:44
Пакистан кара тизмеден чыгарды го. Бул эмдигиче биле элекпи? Кара тизмеге киргенин эми билип атса кайра чыгарганын жаңы-жылдан соң билет го
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан