Бүгүн Бүткүл дүйнөлүк футбол күнү. Футбол тууралуу 10 кызыктуу факты

Бүгүн, 10-декабрь - Бүткүл дүйнөлүк футбол күнү. Бул майрам расмий эмес болсо дагы дүйнө жүзүндө бул күнү салттуу түрдө майрамдалып келет. Спорттун бул түрү дүйнөдөгү миллиондогон адамдар үчүн жөн гана оюн эмес, жашоо образы дагы болуп калгандыгы баарыбызга маалым.

Футбол Байыркы Грецияда жана Римде мындан эки жарым миң жыл мурун ойнолгон. Грецияда бул оюн "топ үчүн салгылашуу" деп аталып, анда алар оюнда мушташ өнөрү ыкмаларын колдонуп ойношкон. Ал эми футболдун мекени Англия болуп эсептелет. Ал эми футбол боюнча эң биринчи дүйнөлүк чемпиондук 1930-жылы Уругвайда өткөн.

Футболдогу эң кызыктуу фактылар: 1. Тарыхтагы эң узун футболдук мелдеш 36 саатка созулган;

2. Гренландия аралы ФИФА уюмуна кире албайт. Себеби ал жакта чөп өтө сейрек өсөт;

3. Футбол тарыхындагы эң ири эсеп - 149:0;

4. Түндүк Кореяда футболдон жеңилгендер 14 саат коомдук оор жумуштарда иштешет;

5. Үч тараптуу ойнолуучу футбол бар.

6. Бразилия Дүйнө чемпиондугунун бардыгына катышкан жалгыз өлкө;

7. Футбол тарыхындагы эң ылдам гол 1995-жылы Австралия чемпиондугундагы "Аделаида Сити" жана "Сидней Юнайтед" беттешинде киргизилген. Анда оюн башталгандан 3,67 секунд өткөндөн кийин "Аделаида Сити" клубунун оюнчусу Дамиен Мори топту атаандашынын дарбазасына таамай багыттаган.

8. Пенальти эң алгач Ирландия чемпиондугунда колдонулган.

9. 1960-жылдын ортосуна чейин футболдо оюнчуну алмаштырууга тыюу салынган. Эгер дарбазачы жаракат алса, анын ордуна талаадагы оюнчусу келчү.

10. 1976-жылы 20-мартта "Астон Вилла" - "Лестер Сити" командаларынын ортосундагы беттеште "Астон Вилланын" оюнчусу Крис Николл атаандашынын дарбазасына дагы, өзүнүн дарбазасына дагы экиден гол киргизген. Жыйынтыгында беттеш 2:2 эсебинде тең чыгуу менен аяктаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан