Футбол боюнча Кыргыз улуттук курамасы ФИФАнын рейтингинде 96-орун менен жылды жыйынтыктады

Футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасы ФИФАнын (Эл аралык футбол ассоциациясы) жаңыланган рейтингинде 2020-жылды 96-орун менен жыйынтыктады. Жаңыланган рейтинг ФИФАнын сайтына жарыяланды.

Бул рейтинг ноябрь айындагы рейтингден дээрлик айырмаланбайт. Учурда "Ак шумкарлардын" карамагында 1 миң 240 упай бар. Ал эми Азия футбол конфедерациясынын (АФК) өлкөлөрүнүн рейтингинде Кыргыз курама командасы 16-орунда турат.

Башкы машыктыруучу Александр Крестининдин жетекчилиги астында Кыргыз курамасы 2020-жылы бир дагы оюн өткөргөн жок.

ФИФАнын жаңыланган рейтингинин сап башында Бельгия (1780 упай) командасы жайгашса, Франция (1755 упай) курамасы экинчи орунга жана Бразилия курамасы (1743 упай) үчүнчү орунга жайгашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан