Атактуу португалиялык футболчу Криштиану Роналдунун эжеси Эльма Авейру өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына Лионель Мессинин Криштиану Роналдунун алдында тизе бүгүп турган сүрөтүн жарыялады.
"Менин падышам. Сен дүйнөдөгү эң мыктысың. Менин жашоомдун маңызы", - деп жазды Авейру.
Чемпиондор Лигасынын тайпалык баскычынын 6-турдук оюнунда "Барселона" клубу өз үйүндө туриндик "Ювентус" клубун кабыл алып, оюн 0:3 эсебинде туриндик команданын жеңиши менен аяктаган. Бул оюнда Роналду 2 гол киргизген болчу.