Аукцион: Текстиль иштетүү жана кездемелерге басуу үчүн жабдууларын сатуу

"SAIMA NEWTEX KG" ЖЧКсынын күрөөгө коюлган мүлкүнүн бир бөлүгүн сатуу жөнүндө келишимдин негизинде атайын администратор карыз тараптын активин сатуу үчүн ачык аукцион өткөрөт.
Ага ылайык, текстилдерди кайра иштетүү жана кездемелерге басуу үчүн жабдуулар аукционго коюлду, алардын болжолдуу баштапкы баасы 1 миллион 185 миң 600 сом.
Аукцион ушул жылдын 18-декабрында саат 11:00дө Бишкек шаарындагы Радищев 30 дарегинде өткөрүлөт.
Аукционго баштапкы баадан 10% кепилдик төгүмүн атайын эсепке же "SAIMA NEWTEX KG" ЖЧКсынын кассасына төлөгөндөргө уруксат берилет. "Керемет Банк", "Керемет Банк-Бишкек" банктарындагы эсеп 1360370019861143, БИК 136037.
Аукционго катышуу үчүн арыздар күн сайын саат 9.00дөн 17.00гө чейин кабыл алынат (ишемби жана жекшембиден тышкары).
Арыздарды кабыл алуу 2020-жылдын 17-декабрында саат 17:00дө токтотулат. Бардык суроолор боюнча толук маалыматты атайын администратордон алууга болот.
Байланыш номерлери: 0700 785-228, 0778 785-228.

кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан