Москва шаарында метродо көз жарган 29 жаштагы келин боюнча маалымат такталууда. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилигинин басма сөз катчысы Алмаш Алтымышева билдирди.
"Москвада метродо төрөгөн мекендешибиз боюнча учурда тиешелүү маалыматтар такталууда. Бул боюнча атайын юристтер иш алып барып жатышат. Толук маалымат такталганда кабарлайбыз", - деди Алтымышева.
Буга чейин Орусиянын "Москва24" каналы айрым басылмаларга шилтеме берүү менен Москва шаарында метродо көз жарган келин баласынан баш тарткандыгын айтып видео материал жарыялаган. Ага чейин эне жана баланын абалы жакшы экендиги, ымыркайдын гана бир аз үшүп калгандыгы айтылган болчу.
Белгилей кетсек, 9-декабрда Москва шаарында метродо Кыргыз келин көз жарып, анын төрөтүн полиция кызматкерлери менен гезит саткан аял кабыл алгандыгын орусиялык басылмалар жазып чыккан.