Кыргыз футболдук союзунун кезектеги Конгресси өттү

Кечээ,10-декабрда Кыргыз футболдук союзунун кезектеги Конгресси өттү.

Конгресс өлкодөгү эпидемиялык абалга карабай КФСтин Уставына ылайык, бардык талаптар менен өттү. Иш-чаранын жүрүшүндө Конгресстин укугундагы маселелер каралды.

Аталган Конгресс ушул жылы мезгилсиз дүйнөдөн кайткан футбол үй-бүлө мүчөлөрүн бир мүнөттүк эскерүү менен башталды. Ошондой эле катышуучулар легендарлуу футболчу Диого Марадонаны да эскеришти.

Күн тартибине ылайык, КФСтин Президенти Маматов Канатбек Мурзаевич өткөн жылкы жана 2020-жылга карата алдын-ала уюмдун ишмердүүлүгү тууралуу отчет берди. Конгресске буга чейин КФСтин бардык мүчөлөрү тарабынан макулдашылган 2020-2030-жылга карата стратегиясы сунуш кылынып, кабыл алынды.

Конгресстин башкы маселеси КФСтин Аткаруучу комитетине шайлоо болду. Ага жалпы 17 талапкер ат салышты (талапкерлер тизмеси буга чейин жарыяланган).

Шайлоонун жыйынтыгында КФСтин Аткаруучу комитетине төмөнкүлөр шайланды:

Биринчи Вице-президент: Салымбеков Аскар Мааткабылович

Вице-президент: Кутуев Омурбек Алымбекович

Вице-президент: Конокбаев Дастанбек Турсуналиевич

Вице-президент: Сакебаев Азат Советбекович

Аткаруучу комитетинин мүчөлөрү:

Ишенбаев Максат Бейшенбекович

Кутманов Эмил Мейманбекович

Осмонов Нурбек Жапарович

Сабралиева Айгерим Нарынбековна

Таиров Медет Маратович

Кадралиев Асылбек Мэлсович

Токабаев Кемел Суюнбекович

Чойбеков Таирбек Орозбекович

Усупов Алмаз Сабырбекович

Эгембердиева Салтанат Таабалдыевна

Белгилей кетсек, жаңы Аткаруучу комитетинин мөөнөтү 2022-жылга чейин. Бул КФС Уставына ылайык, Президенттик жана Аткаруучу комитетинин мөөнөтү бирдей болушу шарт. Учурдагы Президенттин мөөнөтү 2 жылдан кийин бүтөт.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан