Ырчы Гүлназ Чыныбек кызы темир тулпарлуу болду. Буга чейин атасынын, агасынын унааларын анда-санда айдап каларын айткан ырчы буларга токтолду.
"Бул менин биринчи унаам. Айдоочулук күбөлүктү мындан 5 жыл мурда алып, кээде атамдын, агамдын машиналарын айдап жүрчүмүн. Жеке унаамды эми алдым. Биротоло жакшыраак машиналуу болуп ал деп бир тууган агам демөөрчүлүк кылды", - дейт ырчы.