Дүйнө Кубогу: "Акжол Махмудов четтеди". Килемге чыккан 5 кыргыз балбанынын көрсөткүчтөрү

Кечээ, 12-декабрда Сербиянын борбору Белград шаарында күрөш боюнча Дүйнө Кубогу старт алды. Мелдештин биринчи күнүндө 5 кыргыз балбаны килемге чыкты.

55 килограм ченинде килемге чыккан Балбай Дордоков алгач эле укриналык Владислам Кузкону 6:0 эсебинде жеңип, чейрек финалга чыкты. Чейрек финалда Балбай индиялык Аржун Халакуркини 10:5 эсебинде жеңди. Жарым финалда кыргыз балбаны орусиялык Эмин Сефершаевке утулуп калды. Муну менен Балбай Дордоков коло байге үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алды. Ал бүгүн, 13-декабрда килемге чыгат.

67 килограмм салмакта килемге чыккан Халмурат Ибрагимов алгачкы беттешинде францилык Гагик Мишай Сноян аттуу балбанды 11:5 эсебинде утту. Чейрек финалда кыргыз балбаны индиялык Ашуну 10:0 эсебинде утуп, жарым финалда орусиялык Назир Рашидовичке 0:9 эсебинде утулуп калды. Муну менен Халмурат коло байге үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алды.

72 килограмм салмак ченинде килемге чыккан кыргыз балбаны Руслан Царев алгачкы беттешинде эле венгриялык Балинт Корпашиге 2:1 эсебинде утулду.

77 килограмм салмак ченинде килемге чыккан Акжол Махмудов алгач алжирлик Абд Элкрим Уакали аттуу балбанды 4:7 эсебинде жеңди. Кийинки беттешинде Акжол жергиликтүү балбан Виктор Немеске 0:3 эсебинде жеңилип калды. Венгриялык балбан жарым финалда орусиялык Роман Власовко жеңилгендигине байланыштуу Акжол Махмудов тилекке каршы турнирдеги жүрүшүн токтотту.

87 килограмм салмак ченинде килемге чыккан Атабек Азисбеков алгачкы беттешинде эле сербиялык балбан Зураби Датунашвилиге 2:1 эсебинде жеңилип калды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Ali-han
2020-12-13 10:53:06
Даярдык жакшы эмес окшойт!!!
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан