Бүгүн, 13-декабрда АКШнын Лас-Вегас шаарында өткөн "UFC 256" турниринде кыргыз мушкери Рафаэль Физиев бразилиялык мушкер Ренато Мойкано менен кез келип, беттештин биринчи бөлүгүндө эле атаандашын нокаутка учураткан.
Бул жеңишинен кийин Рафаэль Физиев өзүнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу кайрылуу жасады.
"Баарыңыздарга колдооңуздар үчүн рахмат. Мени ар дайым колдоп келген Кыргыз өлкөмө рахмат. Жакында көрүшөбүз деп ойлойм", - деди Физиев.
Мындан тышкары, Рафаэль Физиев Азербайжанды Тоолуу Карабахтагы жеңиши менен да куттуктады.