Бүгүн, 13-декабрда Сербиянын борбору Белград шаарында күрөш боюнча Дүйнө Кубогунун экинчи күндүк беттештери Бишкек убактысы боюнча саат 16:00дө старт алды.
72 килограмм салмак ченинде кыргыз балбаны Руслан Царев украиналык балбан Максим Евтющенкону 4:0 эсебинде жеңип, коло байге үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алды. Кыргыз балбаны коло байге үчүн болгариялык балбан Айк Мнацаканян менен кез келет.
25 жаштагы Айк Мнацаканян 2019-жылы Европа чемпиону аталган.