Бүгүн, 13-декабрда Сербиянын борбору Белград шаарында күрөш боюнча Дүйнө Кубогунун экинчи күндүк беттештери Бишкек убактысы боюнча саат 16:00дө старт алды.
63 килограмм салмак ченинде килемге чыккан кыргыз балбаны Калы Сулайманов румыниялык Михай Михуцту 2:1 эсебинде утуп, кийинки баскычка өттү, азаматсың Калы.
Михай Михуц 2018-жылы 63 килограмм салмак ченинде Европа чемпиону аталган.