Сербиянын борбору Белград шаарында күрөш боюнча Дүйнө Кубогунун экинчи күндүк беттештери өтүүдө.
Мелдешке 60 килограмм салмак ченинде катышкан кыргыз балбаны Жоламан Шаршенбеков алгачкы атаандашы беларустук Максим Казарскийди 0:8 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңип, кийинки баскычка өттү. Жоламан азаматсың.
Кийинки баскычта Жоламан 2019-жылы Бухарестте өткөн Европа чемпиондугунда алтын медалга ээ болгон молдавиялык Виктор Чобану менен кез келет.