Бүгүн, 13-декабрда Сербиянын борбору Белград шаарында күрөш боюнча Дүйнө Кубогунун жарым финалдык беттештери Бишкек убактысы боюнча саат 23:00дө старт алды.
60 килограмм салмак ченинде катышкан Жоламан Шаршенбеков жарым финалда түркиялык Ахмет Уйарды 1:5 эсебинде жеңип, Дүйнө кубогунун финалына чыкты. Финалда Жоламан бир нече ирет дүйнө чемпиону аталган орусиялык балбан Степан Марянян менен кез келет. Финал эртең, 14-декабрда өтөт.
Жоламан финалда ийгилик!