Сербиянын борбору Белград шаарында күрөш боюнча Дүйнө Кубогунун экинчи күндүк беттештери өтүүдө.
Бишкек убактысы боюнча саат 23:00гө белгиленген жарым финалдык беттеште кыргыз балбаны Калы Сулайманов орусиялык балбан Жамболат Локьяевге 6:0 эсебинде утулуп калды.
Калы Сулайманов эртең, 14-декабрда коло байге үчүн күрөшөт.