Бүгүн, 14-декабрда Сербиянын борбору Белград шаарында күрөш боюнча Дүйнө Кубогунун финалдык беттештери Бишкек убактысы боюнча саат 00:00дө старт алды.
55 килограмм салмак ченинде коло байге үчүн күрөшкөн кыргыз балбаны Балбай Дордоков азербайжандык 28 жаштагы балбан Азизли Эльденизге 3:0 эсебинде жеңилип калды. Муну менен Балбай Дордоков турнирден четтесе, анын азербайжандык атаандашы коло байгеге ээ болду.