Лига 1: "ПСЖ" - "Лион". Неймар көзүнө жаш алып талааны таштап кетти

Бүгүн, 14-декабрга караган түнү футбол боюнча Франция чемпиондугунун (Лига 1) 14-турдук оюнунда "ПСЖ" клубу өз үйүндө "Лион" командасын кабыл алып, оюн 0:1 эсебинде коноктордун жеңиши менен аяктады.

Оюндун 90-мүнөтүнөн кийинки кошумча убакытта "ПСЖ" клубунун бразилиялык чабуулчусу Неймар катуу жаракат алып, талааны көзүнө жаш алган бойдон таштап кетти. Бразилиялык чабуулчуга каршы эреже бузган Тиаго Мендес алгач сары айып кагазын алды. Эреже бузууну калыс кайталоодон көрүп "Лиондун" оюнчусуна кызыл айып кагазын көрсөттү.

Муну менен "ПСЖ" Лига 1деги акыркы 5 оюнда экинчи ирет жеңилип, турнирдик жадыбалда 3-орунга түшүп калды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан