Бүгүн, 14-декабрда Сербиянын борбору Белград шаарында күрөш боюнча Дүйнө Кубогунун финалдык беттештери болуп өттү.
Мелдешке 72 килограмм салмак ченинде катышкан кыргыз балбаны Руслан Царев коло байге үчүн беттеште 2019-жылы Астана шаарында өткөн күрөш боюнча Дүйнө Чемпиондугунда коло байгеге ээ болгон болгариялык Айк Мнацаканянды 3:1 эсебинде жеңди.
Муну менен Руслан Царев Белград шаарында өтүп жаткан Дүйнө Кубогунда алгачкы медаль уткан кыргыз балбаны болду.
Беттештен кийин 72 килограмм салмак ченинде мелдешке катышкан балбандарды сыйлоо аземи өттү.