Бишкекте Жол кайгуул кызматынын кызматкерин мазактаган жаран кармалды

Бишкекте Жол кайгуул кызматынын кызматкерин сабаган жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирет. 30-сентябрь күнү Бишкектин Тынчтык жана Түштүк магистраль көчөлөрү кесилишкен жерде Жол кайгуул кызматынын кызматкерин белгисиз бирөө сабап кеткени кабарланган. Анда аталган көчөлөрдөгү жол чырагы иштебей, жолдогу тартипти иретке келтирүү үчүн Жол кайгуул кызматынын кызматкерлери иш алып барып жаткан. БМВ үлгүсүндөгү унаанын ичиндеги жигиттер Жол кайгуул кызматынын кызматкерлеринин буйругуна баш ийбей, бир кызматкердин күбөлүгүн, дагы бир кызматкердин погонун тартып алып качып кетишкен. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү Алай районунун Корул айылынын 28 жаштагы тургуну кармалды. Кылмышка катыштыгы бар калган жарандар изделүүдө. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
orozaliev86
2013-10-02 18:34:59
аты жонун кандай билсек болот?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан