Бүгүн, 14-декабрда Сербиянын борбору Белград шаарында күрөш боюнча Дүйнө Кубогунун үчүнчү күндүк беттештери орун алат. Беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 16:00дө башталат.
Бүгүнкү беттеште Айсулуу Тыныбекова 62 килограмм салмак ченинде килемге чыкса, Жоламан Шаршенбеков алтын байге үчүн беттешет. Ошондой эле Калы Сулайманов коло байге үчүн килемге чыкса, 97 килограмм салмак ченинде килемге чыккан Үзүр Жусупбеков коло байге үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алуу үчүн килемге чыгат.
Бүгүн беттешке чыкчу кыргыз балбандарынын тизмеси: 62 килограмм салмак ченинде: Криста Тунде (Румыния) - Айсулуу Тыныбекова;
97 килограмм салмак ченинде: Михаил Иосифидис (Греция) - Үзүр Жусупбеков;
Беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 16:00дө башталат.
60 килограмм салмак ченинде финал: Жоламан Шаршенбеков - Степан Марянян (Орусия);
63 килограмм салмак ченинде коло байге үчүн: Калы Сулайманов (атаандашы аныктала элек);
Беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 00:00дө башталат.