Бүгүн, 14-декабрда Сербиянын борбору Белград шаарында күрөш боюнча Дүйнө Кубогунун үчүнчү күндүк беттештери Бишкек убактысы боюнча саат 16:00дө старт алды.
62 килограмм салмак ченинде катышкан Айсулуу Тыныбекова чейрек финалда түркиялык Кансу Аксойду 10:0 эсебинде жеңип, мелдештин жарым финалына жолдомо алды. Жарым финалдык беттеште Айсулуу Тыныбекова 2019-жылы Астанада өткөн дүйнө чемпиондугунда күмүш байгеге ээ болгон орусиялык Любовь Овчарова менен кез келет.
Жарым финалдык беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 23:00дө башталат.