Бишкек ШИИББинин кызматкерлери жолдон адашып калган баланы дарегин таап, ата-энесине алып келишти. Бул туралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 14-декабрда 14 жаштагы өспүрүм Бишкек шаарына келип, үйүнө кетчү жолду таба албай адашып калган. "Ал Ибраимов -Токтогул көчөлөрүнүн кесилишине жакын жерде милиция кызматкерин көрүп, дароо жардам сурап кайрылган. Анын аты-жөнүн аныктоо боюнча Бишкек ШИИББинин коомдук коопсуздук кызматы тиешелүү иш-чаралардын жүрүшүндө бала 2006-жылы туулган М.Э. экендиги аныкталды. Ал борбордун четиндеги жаңы конуштардын биринде жашап, шаарды жакшы билбегендигинен жолдон адашып калган", - деп жазылат маалыматта.