"Белградда Кыргыз өлкөсүнүн гимни жаңырды". Жоламан Шаршенбековго медаль тапшыруу аземи өттү

Жоламан Шаршенбеков Сербияда өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө Кубогунун финалында орусиялык балбан Степан Марянянды жеңип, алтын медалга ээ болду.

Жоламан Шаршенбеков 60 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып, 1/8 финалда баштап, беларустук Максим Казарскийди жеңип алды. Чейрек финалда Шаршенбеков 2019-жылы Европа чемпиону аталган молдовалык Виктор Чебануну 8:0 эсебинде жеңди.

Жарым финалда Жоламан Шаршенбеков түркиялык Ахмет Уйар менен беттешип, 5:1 эсебинде жеңишке жетип, финалга чыккан.

Муну менен Жоламан Шаршенбеков Белградда өтүп жаткан Дүйнө Кубогунда алтын медаллга ээ болгон алгачкы кыргыз балбаны болду.

Беттештен кийин 60 килограмм салмак чениндеги балбандарды сыйлоо аземи болуп өттү.

Жоламан Шаршенбековко медаль тапшыруу аземи өттү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
salimbek87.kg
2020-12-15 01:12:18
Баракелде Жоламан .
+11
Shabi
2020-12-15 01:31:56
Баракелде.кудай буйурса Айсулуу балбаныбыз дагы алтын алат,козум жетип турат.
+9
Tiranlit1
2020-12-15 02:34:58
Азаматсын тууганым
+4
777bazamat
2020-12-15 08:19:52
Азаматсын биз Кыргыз эли сыймыктанаабыз, дагы коптогон ийгиликтерге жет, элибиздин гимнин ырдатып, желегин желбирете бер, сыйлыгын жана оордун кут болсун!
+6
mirlan2084
2020-12-15 09:36:35
Бар экенсиңерго Жоламан иним азаматсың
+5
zam81
2020-12-15 11:30:56
Кыргыз элинин сыймыгы болуп журо бер копкоп ийгиликтер коштоп журо берсин
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан