Жоламан Шаршенбеков Сербияда өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө Кубогунун финалында орусиялык балбан Степан Марянянды жеңип, алтын медалга ээ болду.
Беттештен кийин Жоламан Шаршенбековду Айсулуу Тыныбекова өзүнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу куттуктады.
"Ал мыкты" деп жазды Айсулуу Тыныбекова.
Айсулуу Тыныбекова 62 килограмм салмак ченинде Дүйнө кубогунун финалына чыкты. Финалдык беттеште Айсулуу Тыныбекова латвиялык Анастасия Григорьева менен кез келет.
Финалдык беттеш бүгүн, 15-декабрда өтөт.