"Элим үчүн жанымды берем". Жоламан Шаршенбеков жеңишинен кийин билдирүү жасады

Жоламан Шаршенбеков Сербияда өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө Кубогунун финалында орусиялык балбан Степан Марянянды жеңип, алтын медалга ээ болду.

Финалдык беттештен кийин Жоламан Шаршенбеков өзүнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирүү жасады.

"Бул жеңиш агайлардын эмгеги жана команданын биримдиги. Кыргыз элим үчүн жанымды берем", - деп жазды Жоламан Шаршенбеков

Кыргыз балбанынын бул билдирүүсүнө атактуу орусиялык балбан, "Лондон-2012" жана "Рио-2016" жайкы олимпиада оюндарында жана Белградда өтүп жаткан Дүйнө Кубогунда 77 килограмм салмак ченинде чемпион болгон Роман Власов дагы реакция кылды.

Жоламан Шаршенбеков Белградда өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө Кубогунда алтын медаль уткан алгачкы кыргыз балбаны болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
gulia90
2020-12-15 03:29:18
Крассавчик!!!
+12
Tolkun1991
2020-12-15 07:44:58
Азаматсын!
+12
Oma.kg.kg
2020-12-15 11:09:29
УЛУКТАР КАЧАН ЧЫГАТ
+4
zam81
2020-12-15 11:22:45
Кутуктайм молодец
+4
nur090909
2020-12-15 11:35:13
Азамат экен!
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан