UFC уюмунун чемпиону Валентина Шевченко өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына көпчүлүктү суктандырган сүрөтүн жарыялады.
Мушкер айымдын бул сүрөтүнө көпчүлүк социалдык тармактын колдонуучулары суктанышууда. "Сонун, сизге баары жарашат", "Сулуу кыздын жинине тийсеңер силерге көргүлүктү көрсөтөт" деп жазышууда социалдык тармактын колдонуучулары.
22-ноябрда АКШнын Лас-Вегас шаарында өткөн "UFC 255" турниринде Валентина Шевченко бразилиялык Женнифер Майяны утуп, чемпиондук курун төртүнчү ирет коргоп калган.