Бүгүн, 15-декабрда Сербиянын борбору Белград шаарында күрөш боюнча Дүйнө Кубогунун төртүнчү күндүк беттештери орун алат. Беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 16:00дө башталат.
Бүгүнкү беттеште Айсулуу Тыныбекова 62 килограмм салмак ченинде финалда күрөшсө, Нураида Анаркулова, Мээрим Жуманазарова жана Айпери Медет кызы алгачкы беттештерине чыгышат.
Бүгүн килемге чыга турган балбандардын тизмеси: Нураида Анаркулова - Патрисия Гиль (Польша);
Мээрим Жуманазарова - Анна Садчанка (Беларусь өлкөсү);
Айпери Медет кызы - Мария Оряшкова (Болгария);
Беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 16:00дө башталат.
Ал эми Айсулуу Тыныбекованын алтын байге үчүн латвиялык Анастасия Григорьевага каршы беттеши Бишкек убактысы боюнча саат 23:00дө башталат.