13-декабрь күнү кол күрөш боюнча Орусиянын жана Европанын чемпиону болгон 24 жаштагы Аслан Темирсултанов жол кырсыгынан каза болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы Орусиянын Сүргүт шаарында болгон. Анда ВАЗ-2114 унаасы каршы тилкеге чыгып кетип Toyota Camry унаасы менен кагышкан. Аслан Темирсултанов ВАЗ-2114 унаасынын жүргүнчү отурган бөлүгүндө отурган. Рулда анын досу экендиги белгилүү болду.
Кырсыктан Toyota Camry унаасынын жүргүнчүлөрү жана айдоочусу жабыркаган эмес. Ал эми ВАЗ-2114 унаасынын айдоочусу оор абалда ооруканага жеткирилип, Аслан Темирсултанов окуя болгон жерден каза болгон.