Бүгүн, 15-декабрда Сербиянын борбору Белград шаарында күрөш боюнча Дүйнө Кубогунун төртүнчү күндүк беттештери Бишкек убактысы боюнча саат 16:00дө старт алды.
Мелдешке 76 килограмм салмак ченинде Кыргыз өлкөсүнүн атынан катышкан Айпери Медет кызы алгачкы жүрүшүн эле чейрек финалдан баштады. Чейрек финалда Айпери болгариялык Мария Оряшкованы 3:5 эсебинде жеңип, турнирдин жарым финалына жолдомо алды.
Жарым финалдык беттеште кыргыз балбан кызы германиялык дүйнө чемпиону Алине Фоккен менен кез келет. Беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 21:45те башталат.