Дүйнө Кубогу: "Далысын таза басты". Мээрим Жуманазарова жарым финалга чыкты

Бүгүн, 15-декабрда Сербиянын борбору Белград шаарында күрөш боюнча Дүйнө Кубогунун төртүнчү күндүк беттештери Бишкек убактысы боюнча саат 16:00дө старт алды.

Мелдешке 68 килограмм салмак ченинде катышкан кыргыз балбан кызы алгачкы эле жүрүшүн чейрек финалдан баштап, беларуссиялык Анна Садчанка аттуу балбан кыздын далысын жерге таза басып, жарым финалга жолдомо алды.

Жарым финалдык беттеште Мээрим Жуманазарова 2019-жылы Бухарест шаарында өткөн Европа чемпиондугунда алтын медалга ээ болгон украиналык Алина Стадник менен кез келет.

Жарым финалдык беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 21:45те башталат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Alixan-Nookat.2015
2020-12-15 20:42:58
Ийгилик каалайм!
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан