Бүгүн, 15-декабрда Сербиянын борбору Белград шаарында күрөш боюнча Дүйнө Кубогунун жарым финалдык беттештери Бишкек убактысы боюнча саат 21:45те старт алды.
Мелдешке 68 килограмм салмак ченинде катышкан кыргыз балбан кызы Мээрим Жуманазарова жарым финалда украиналык Алина Стадник менен кез келди. Эки балбан кыз тең мыкты беттеш тартуулап эсеп 6:6 болуп, калыстар жеңишти кыргыз балбан кызына ыйгарышты.
Муну менен Мээрим Жуманазарова Дүйнө Кубогунун финалына чыкты. Финалдык беттеште кыргыз балбан кызы орусиялык Ханум Валиева менен кез келет.
Финалдык беттеш эртең, 16-декабрда өтөт.