Бүгүн, 15-декабрда Сербиянын борбору Белград шаарында күрөш боюнча Дүйнө Кубогунун жарым финалдык беттештери Бишкек убактысы боюнча саат 21:45те старт алды.
Мелдешке 76 килограмм салмак ченинде катышкан Айпери Медет кызы жарым финалдык беттеште германиялык дүйнө чемпиону Алине Фоккен менен кез келди. Беттеш 4:6 эсебинде жыйынтыкталып, германиялык балбан кыз финалга жолдомо алса, Айпери Медет кызы коло байге үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алды.
Айпери Медет кызы эртең, 16-декабрда килемге чыгат. Анын атаандашы азырынча аныктала элек.