"Белград-2020": "14:0. Сөз жок". Айсулуу Тыныбекова Дүйнө Кубогун жеңди

Бүгүн, 15-декабрда Сербиянын борбору Белград шаарында күрөш боюнча Дүйнө Кубогунун финалдык беттештери Бишкек убактысы боюнча саат 23:00дө старт алды.

Мелдешке 62 килограмм салмак ченинде катышкан белгилүү кыргыз балбан кызы Айсулуу Тыныбекова финалдык беттеште 2019-жылы Европа оюндарында чемпион аталган латвиялык Анастасия Григорьева менен кез келип, атаандашын 0:14 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңди.

Муну менен Айсулуу Тыныбекова Белградда өтүп жаткан Дүйнө Кубогунда алтын медаль уткан экинчи кыргыз балбаны болду. Азаматсың, Айсулуу!

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (21)
AdylbekB84
2020-12-16 02:22:44
Кыргызстандын желегин көтөрүп жүрөкө үмүт бергениңерге Аллахым эки дүйнө ыраазы болсун силерден!
+10
algakaray
2020-12-16 02:33:32
Оло суйунуп атам
+9
al-abu-kinesz
2020-12-16 02:37:17
Айсулуу дайыма элибизге кубаныч тартуулап келет, азамат алтын кыз!!!
+9
ZALKARBEK.84
2020-12-16 03:08:58
Чаап кетти, өрттөлдү, авария, шайлоо ж.б. жаңылыктардан тажап, көргүң келбей чарчаганда Айсулуу жарк этип чыга келип кыргызды сүйүнтүрөтда. Азаматсың Айсулуу, сени менен сыймыктанабыз, жаркылдаган жылдыбыз болуп жүрө бер. Урааа.
+16
Samsung-
2020-12-16 03:24:11
Азаматсын карындашым, олимпиядада чемпион бол.
+10
zhaynak
2020-12-16 05:14:00
Кыргыздын тарыхына кала турган иш жасап жатасын
+9
bbek
2020-12-16 06:36:48
Азамат кыргыздын Кыз Сайкалы
+8
Kuba.1973
2020-12-16 07:23:25
Азаматсың карындаш
+7
Islam98
2020-12-16 07:27:20
Айсулу Тыныбекова акыркы 3 жылда Валентина Шевченко менен биргеликте Кыргызстандын намысын мыкты коргоп келе жатышат!
+8
Aguwa
2020-12-16 08:11:09
Азамат
+4
sotkasotovic
2020-12-16 08:27:20
Азаматсын мээнет болбой доолот болбойт. Дагы да машыгууну токтотпо
+4
nazira...
2020-12-16 08:38:56
Азамат алтын кыз. Сендей кызды төрөгөн, чонойткон ата энене таазим. Көз тийбесин, мактанып мадырайып да кетпей бир калыпта жүрөсүн, жасалма сүйлөп, ойсоктобойсун, сенин жүзүндө чыныгы кыргыз кызынын жүзүн көрөм. Эми ушундай жениш олимпиадада насип этсин. Анан албетте бакыт, ата энен дайыма жанында болсун.
+6
amirrus
2020-12-16 08:49:37
Кыпындай кумонсуз жениш,ушул формула олимпиаданы багынтышын керек эми балбан Кыз...
+2
Kylych87
2020-12-16 11:47:25
Азаматсын чыныныгы таза мээнет сендей спортсмендер кобойо берсин.
+2
Dinara1234
2020-12-16 12:59:44
Азаматсыз кыргызымдын сыймыгы 21 кылымдын кызсайкалы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан