"Кыйналымыш болуп койсоң болмок". Дүйнө Кубогун жеңген Айсулуу Тыныбековага арналган жылуу сөздөрдүн топтому

Сербиянын борбору Белград шаарында күрөш боюнча Дүйнө Кубогу өтүүдө. Дүйнө Кубогуна 62 килограмм салмак ченинде катышкан Айсулуу Тыныбекова финалга чейин жетип, финалдык беттеште латвиялык Анастасия Григорьева менен кез келип, атаандашын 0:14 эсебинде эч кандай кыйынчылыксыз мөөнөтүнөн мурда жеңди.

Сиздердин назарыңыздарга Дүйнө Кубогун жеңип Кыргыз элин кубанткан Айсулуу Тыныбековага социалдык тармактын колдонуучулары тарабынан жазылган жылуу пикирлердин топтомдорун сунуштайбыз:

"Нурбек агай, (ред. Нурбек Изабеков) кандай болду? Кичине кыйналымыш болуп койсоң болмок;

"Ай-ии сөз жок, тиги кызга шанс дагы бербей, ойнотуп койду го. Айсулуу олимпиаданы багындыр эми";

"Бул не деген сонун кабар? Чын эле сөз жок. Азаматтын азаматы";

"Атаандаштарын карышкыр койду кекиртектен алгандай эле алат го";

"Мыктынын мыктысы экенине дагы бир далили. Чынында сөз жок";

"Каршылаштар Айсулуу менен күрөшпөй эле медалды бере бергиле. Баары бир Айсулуу алат алтынды";

"Алтын медаль кут болсун, Лямпочкам! Эми олимпиада чемпиону бол";

"Айсулуу, сүйүнгөнүбүздөн ыйлап жибердик";

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
max-bek
2020-12-16 09:29:05
Азамат Айсулу. 2 жыл президент болуп отуруп КРга пайдасы тийбеген аял киши Отунбаевадан мин эсе чон эмгек кылдын. Бекер резиденция берип 80 мин пенсияны сага бериш керек Отунбаевадан алып туруп.сен бул нерсеге татыктуусун.
+27
sunai87
2020-12-16 10:16:24
max-bek,туура негизи эле экс президент деген нерсени жоюш керек
айсулуу Алла колдосун ар дайым сени
+17
zojolu
2020-12-16 09:30:17
Азаматсын соз жок
+13
jemile
2020-12-16 13:38:04
Бул алтын 'ничиво' сенден ОЛИМПИАДАнын алтынын күтөм, ал башка, такыр башка алтын!!!!!
+6
sabyr86
2020-12-16 18:53:41
Азамат кыз суктануу менен коруп отурдук,Аман бол Айсулуу.
+1
faraon312
2020-12-18 16:21:14
Токиодон да алтын буйругун!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан