Сербиянын борбору Белград шаарында күрөш боюнча Дүйнө Кубогу өтүүдө. Дүйнө Кубогуна 62 килограмм салмак ченинде катышкан Айсулуу Тыныбекова финалга чейин жетип, финалдык беттеште латвиялык Анастасия Григорьева менен кез келип, атаандашын 0:14 эсебинде эч кандай кыйынчылыксыз мөөнөтүнөн мурда жеңди.
Айсулуу Тыныбекова алгач жалпы 13 балбан катышкан 62 килограмм салмак ченинде 14-декабрда килемге чыкты. Тыныбекова румыниялык балбан кыз Криста Тундени 0:10 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңип, кийинки баскычта түркиялык Жансу Аксойду ушул эле эсеп менен жеңип алды.
Финалга чыгуу үчүн болгон беттеште Тыныбекова 2019-жылдын Астанада өткөн дүйнө чемпиондугунда күмүш байгеге ээ болгон орусиялык Любовь Овчарованы 13:2 эсеби менен жеңип, финалга чыккан.
Муну менен Айсулуу Тыныбекова Дүйнө Кубогунда алтын медаль уткан экинчи балбан болду. Буга чейин 60 килограмм салмакта күрөштүн грек-рим түрү боюнча Жоламан Шаршенбеков алтын уткан.