Ош шаарында Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 2-октябрь күнү ИИМдин басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, 30-сентябрь күнү саат 19:00дөр чамасында Ош шаардык милиция бөлүмүнүн уюшкан кылмыштуулукка каршы кызматкерлери тарабынан Daewoo Matiz автоунаасы токтотулуп, текшерүүгө алынган. Унаанын ичинде Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү 28 жаштагы “смотрящий” деп саналган Жаныш Маматалиев болгон. Аны текшерүү учурунда жанынан Макаров тапанчасы огу менен табылды. ИИМдин маалыматы боюнча, Жаныш Маматалиев буга чейин "адам өлтүрүү" беренеси боюнча камалып чыккан. Учурда кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.