Сербиянын борбору Белград шаарында күрөш боюнча Дүйнө Кубогу өтүүдө. Дүйнө Кубогуна 62 килограмм салмак ченинде катышкан Айсулуу Тыныбекова финалга чейин жетип, финалдык беттеште латвиялык Анастасия Григорьева менен кез келип, атаандашын 0:14 эсебинде эч кандай кыйынчылыксыз мөөнөтүнөн мурда жеңди.
Айсулуу Тыныбекова Дүйнө Кубогундагы бул жеңишинен кийин өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына алгачкы сүрөтүн жарыялады.
"Кутман таңыңыздар менен" деп жазды Тыныбекова.
Айсулуу Тыныбекова Дүйнө Кубогунда алтын медаль уткан экинчи балбан болду. Буга чейин 60 килограмм салмакта күрөштүн грек-рим түрү боюнча Жоламан Шаршенбеков алтын уткан.