Бүгүн, 15-декабрда Сербиянын борбору Белград шаарында күрөш боюнча Дүйнө Кубогунун бешинчи күндүк беттештери орун алат. Бүгүнкү беттеште эркин күрөш боюнча кыргыз балбандары килемге чыгат жана беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 16:00дө башталат.
Бүгүн килемге чыкчу балбандардын тизмеси: 57 килограмм салмакка чейин: Абдельхак Хербаче (Алжир) - Бекболот Мырзаназар уулу;
70 килограмм салмакка чейин: Исламбек Орозбеков - Эриглент Призрени (Албания);
74 килограмм салмакка чейин: Саякбай Усупов - Аймар Андруссе (Эстония);
125 килограмм салмакка чейин: Амарвир Деси (Канада) - Айаал Лазарев;
Беттештер Бишкек убактысы боюнча сатт 16:00дө башталат.
68 килограмм салмакка чейин, финалдык беттеш: Мээрим Жуманазарова - Адела Ганзличкова (Чехия);
76 килограмм салмакка чейинки коло байге үчүн: Екатерина Букина (Орусия) - Айпери Медет кызы.