Москвада курьер болуп иштеген 19 жаштагы Кыргыз жаранын бычактап кетишкени айтылууда

Москвада курьер болуп иштеген Кыргыз жаранын бычактап кетишти. Бул тууралуу ТАСС маалымат агенттиги укук коргоо органдарындагы булактарына таянуу менен жазды.

Маалыматка ылайык, бычакталган бала 19 жашта болгон. Ал алган жаратынан улам каза болгон.

"Маркум "Delivery Club" компаниясында курьер болуп иштеп жүргөн. Окуя Москванын Ясенев районунда орун алган. Белгисиз адам 19 жаштагы баланы бычактап кеткен. Окуя болгон жерге "Тез жардам" кызматы келип, баланы ооруканага жеткирген. Бычак жабырлануучунун жүрөгүнө дагы тийгендиктен, баланы сактап калуу мүмкүн болгон эмес. Учурда кылмышка шектүү изделип жатат. Маркум Кыргыз өлкөсүнөн келгени белгилүү" , - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Babi.
2020-12-16 17:07:37
Байкуш((( журогум ооруп чыкты
+8
nazira...
2020-12-16 17:21:36
19 жаш, ата энеси да жыргаганынан жиберген эмес да. Өзүбүздө иш болсо кана эле, тентип талаалабай үйлөрүндө отура турган заиан качан келет кыргызстанга. Ким, неге жаш баланы өлтүрдү, жүрөк заада боло турган болдук го.
+12
bema_bema
2020-12-16 17:39:42
Байкуш кыргызым кор болдуно жолдо торогону деле кыргыз,олтурурлгону деле кыргыз
+8
bustel22
2020-12-16 18:37:42
Кор болдук го кыргызым жеп жутарлардын тойбостугунан
+8
Nina.alex
2020-12-16 22:16:08
Москвада коп улут бар. Олтургон киши азиат, кавказ же башка улуттан болушу мумкун. Орус эле эмес
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан