Бүгүн, 15-декабрда Сербиянын борбору Белград шаарында күрөш боюнча Дүйнө Кубогунун бешинчи күндүк беттештери орун алат. Бишкек убактысы боюнча саат 23:00гө белгиленген финалдык беттеште кыргыз балбан кызы Мээрим Жуманазарова чехиялык Адела Ганзличкова менен кез келет.
26 жаштагы Адела Ганзличкова күрөш менен 2005-жылдан бери алектенет. Ал эми эл аралык мелдештерге 2009-жылдан баштап чыга баштаган.
2015-жылы Баку шаарында өткөн Европа оюндарында 63 килограммга чейинки салмак категориясында катышып жетинчи орунду ээлеген. Мындан тышкары "Рио-2016" жайкы олимпиада оюндарынын катышуучусу. 2019-жылы Бухарест шаарында өткөн Европа чемпиондугунда күмүш байгеге ээ болгон.
Ушул эле жылдын июнь айында Минск шаарында өткөн II Европа оюндарына 68 килограммга чейинки салмак категориясында катышып, акыркы он биринчи орунду ээлеп калган.