Бүгүн, 16-декабрда Сербиянын борбору Белград шаарында күрөш боюнча Дүйнө Кубогунун бешинчи күндүк беттештери уланууда.
Мелдешке 74 килограмм салмак ченинде катышкан кыргыз балбаны Саякбай Усупов алгачкы атаандашы эстониялык балбан Аимар Андрусени 8:1 эсебинде жеңип, турнирдин 1/8 баскычына жолдомо алды.
1/8 финалда кыргыз балбаны испаниялык Альварез Диаз менен беларустук Азамат Нуриков жубунун жеңүүчүсү менен беттешет.