Дүйнө Кубогу: Бекболот Мырзаназар уулу алгачкы атаандашына эч кандай мүмкүнчүлүк берген жок

Бүгүн, 16-декабрда Сербиянын борбору Белград шаарында күрөш боюнча Дүйнө Кубогунун бешинчи күндүк беттештери өтүп жатат. Бишкек убактысы боюнча саат 16:00дө башталган беттешке эркин күрөш боюнча кыргыз балбандары алгачкы атаандаштары менен килемге чыгып жатат.

Мелдешке 57 килограмм салмак ченинде катышкан Бекболот Мырзаназар уулу алгачкы беттешинде алжирлик Абдельхак Хербачеге эч кандай мүмкүнчүлүк бербей, 10:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңди.

Бул көрсөткүч менен кыргыз балбаны 1/8 финалга чыкты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан