Бүгүн, 16-декабрда Сербиянын борбору Белград шаарында күрөш боюнча Дүйнө Кубогунун бешинчи күндүк беттештери Бишкек убактысы боюнча саат 16:00дө башталды.
Мелдешке 125 килограмм салмак ченинде катышкан кыргыз балбаны Айаал Лазарев чейрек финалда молдовалык Егор Олар менен кез келип, 2:4 эсебинде жеңип алды. Муну менен Айаал Лазарев 125 килограмм салмак ченинде Дүйнө Кубогунун жарым финалына чыкты.