Бүгүн, 16-декабрда Сербиянын борбору Белград шаарында күрөш боюнча Дүйнө Кубогунун бешинчи күндүк беттештери башталды. Бүгүнкү беттеште эркин күрөш боюнча кыргыз балбандары килемге чыгып жатышат.
Мелдешке 70 килограмм салмак ченинде катышкан Исламбек Орозбеков жарым финалга чейин жетип, жарым финалдык беттеште быйыл Рим шаарында өткөн Европа чемпиондугунда коло байгеге ээ болгон түркиялык Хайдар Явузка 6:0 эсебинде жеңилип калды.
Муну менен Исламбек Орозбеков коло байге үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алды.