Бүгүн, 16-декабрда Сербиянын борбору Белград шаарында күрөш боюнча Дүйнө Кубогунун бешинчи күндүк беттештери башталды. Бүгүнкү беттеште эркин күрөш боюнча кыргыз балбандары килемге чыгып жатышат.
125 килограмм салмак ченинде катышкан кыргыз балбаны Айаал Лазарев жарым финалда поьлшалык Роберт Баранга 0:6 эсебинде жеңилип калды. Бирок, кыргыз балбаны муну менен турнирдеги жүрүшүн токтотпойт. Ал эртең, 17-декабрда коло байге үчүн килемге чыгат.
Айаал Лазарев менен Роберт Баран "Рио-2016" жайкы олимпиада оюндарында кезигишкен. Анда кыргыз балбаны польшалык балбанга жеңилип калган.