16-декабрда Сербиянын борбору Белград шаарында күрөш боюнча Дүйнө Кубогунун финалдык беттештери Бишкек убактысы боюнча саат 23:00дө старт алды.
Мелдешке 68 килограмм салмак ченинде катышкан кыргыз балбан кызы Мээрим Жуманазарова финалдык беттеште чехиялык Адэла Ханзликованы 8:2 эсебинде жеңип, Дүйнө Кубогунда алтын медалга ээ болду.
Муну менен кыргыз балбан кызы Дүйнө Кубогунда алтын медаль тагынган үчүнчү кыргыз балбаны болду. Буга чейин Жоламан Шаршенбеков жана Айсулуу Тыныбекова алтын медаль уткан. Мээрим азаматсың.