Айпери Медет кызы Дүйнө Кубогунда коло байгеге ээ болду

Белград шаарында күрөш боюнча Дүйнө Кубогунун бешинчи күндүк беттештери өтүүдө. Бүгүнкү беттеште эркин күрөш боюнча кыргыз балбандары килемге чыгып жатышат.

76 килограмм салмак ченинде Кыргыз өлкөсүнүн намысын коргогон Айпери Медет кызы коло байге үчүн "Рио-2016" жайкы олимпиада оюндарында коло жана быйыл Рим шаарында өткөн күрөш боюнча Европа чемпиондугунда алтын медаль тагынган орусиялык Екатерина Букина менен кез келип, 11:8 эсебинде атаандашын жеңип, Дүйнө Кубогунда коло медалга ээ болду.

Бул көрсөткүчү менен Айпери Медет кызы Дүйнө Кубогунда коло медаль уткан үчүнчү кыргыз балбаны болду. Буга чейин Калы Сулайманов жана Руслан Царев коло медаль уткан. Азаматсың, Айпери!

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Doni-83
2020-12-17 01:49:20
Молодец биздин кыздарга коз тийбесин алдыда журо бергиле.
+10
algakaray
2020-12-17 03:01:51
Куттуктайбыз
+9
jemile
2020-12-17 12:11:57
Азаматсың Алтыным!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан